Пентагон кабарлагандай, үч миңдей аскер президент Дональд Трамптын Ооганстан боюнча кайра каралган стратегиясынын алкагында жайгаштырылды.
Пентагон буга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын 11 миң деп билдирген, бирок президент Трамп быйыл август айында аскерлерди көбөйтүүгө уруксат берген болчу.
Кошумча 3000дей жоокердин жайгаштырылуусу менен АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин жалпы саны 14 миңге жетти.
Өлкөдө НАТОнун башка мамлекеттеринин күчтөрү да бар.
Түндүк-Атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг өткөн аптада НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы жалпы саны 16 миңге жеткирилерин билдирген.
Столтенберг белгилегендей, НАТОнун башкы миссиясы мурдагыдай эле ооган күчтөрүн машыктыруу болот.
2014-жылга чейин АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашкан учурлар болгон.
Ошол жылдын соңунда НАТО Ооганстандагы согуштук миссиясын аяктагандан бери "Талибан" кыймылы кайра күч алып кетти. Акыркы кездери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу дагы кол салуу аракеттерин күчөтүүдө. (UE)