Бишкекте музыка жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат. Курманжан Датканын эстелигинин алдында уюштурулган бул маданий иш-чарага жергиликтүү өнөрпоздордон тышкары Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан келген дизайнерлер, уздар катышууда.
Фестивалды мэриянын жардамы менен "Кол өнөрчүлүктү колдоонун Борбор Азия ассоциациясынын" Кыргызстандагы ресурстук борбору жана Кыргызстандын Кол өнөрчүлөр кеңеши уюштурду.
Көрүүчүлөрдүн назарына музыкалык фестиваль, көргөзмөлөр жана уздардын кийиз иштетүү, курак, сайма өнөрү боюнча түрдүү мастер-класстары сунушталууда.
Фестиваль 19-ноябрда жыйынтыкталат. (RK)