Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына ЕККУнун Дүйшөмбүдөгү кеңсесинин башчысы Туула Юрьёля билдирди.
Анын айтымында, ЕККУ Тажикстандын бийлиги менен пикир келишпестиктеринин дээрлик баарын жөнгө сала алды.
Пикир келишпестиктер Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен “Топ 24” оппозициячыл уюмунун өкүлдөрү Варшавада ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун жыйынына киргизилген соң пайда болгон.
Быйыл июлда ЕККУнун Туруктуу кеңеши өзүнүн Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн макамын Дүйшөмбүдөгү программалык кеңсе деңгээлине түшүргөн.
Ага ылайык, эми Тажикстандын аймактарында ЕККУнун кеңселери болбойт.
Уюмдун өкүлү Туула Юрьёленин айтымында, ЕККУнун кеңсеси азыр Тажикстанда коопсуздукту камсыз кылуу долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат. (UE)