Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Ирактын акыркы шаарчасы ИМ тобунан куткарылды


Премьер-министр Хайдар ал-Абади Раванын жанындагы Ал-Каим шаарчасы ИМ тобунан бошотулган учурду. 5-ноябрь, 2017-жыл.
Премьер-министр Хайдар ал-Абади Раванын жанындагы Ал-Каим шаарчасы ИМ тобунан бошотулган учурду. 5-ноябрь, 2017-жыл.

Коргоо министрлиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарыялагандай, Ирактын АКШ баштаган коалиция колдогон күчтөрү Рава шаарчасын “Ислам мамлекети” тобунан бошотууга бүгүн жетишти.

Экстремисттерден бошотулган шаарча өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында, Евфрат дарыясынын боюнда жайгашкан.

Ирактын түндүгү менен батышындагы ири аймактарды же өлкөнүн үчтөн бирине жакын бөлүгүн “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу аракеттери, ошентип, үч жылдан ашуун убакытка созулду.

Согушкерлер Ирактын экинчи ири шаары - Мосулду 2014-жылдын жайында ээлеп алып, башкалаа Багдадды карай да жыла баштаган болчу.

АКШ баштаган коалиция Иракта ИМ тобуна 2014-жылдын аягынан тартып абадан сокку ура баштаган.

Мосул шаары бир нече айга созулган операциядан кийин быйыл июлда бошотулган. (UE)

XS
SM
MD
LG