Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Иран Францияны айыптады


Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Ливандын кызматтан чегингенин жарыялаган премьер-министри Саад ал-Харири менен Эр-Риядда жолуккан учур.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Ливандын кызматтан чегингенин жарыялаган премьер-министри Саад ал-Харири менен Эр-Риядда жолуккан учур.

Иран Франциянын Жакынкы Чыгыштагы саясатын сындоо менен анын “бейтарапсыздыгы” аймактык кризистерди жаратып жатканын белгиледи.

Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гассеминин айтымында, “Франциянын бул аймактардагы кризистерде атайлаппы же андай эмеспи, бир тарапка жан тартканы, атүгүл потенциалдуу кризистерден реалдууга айлануусуна салым кошууда”.

Тегерандын сыны алдында Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Сауд Аравиядагы сапары учурунда Иранды “Жакынкы Чыгыштагы гегемондук дымагы” үчүн күнөөлөгөн.

Француз дипломатия башчысынын Сауд Аравияга сапары Ливандын премьер-министри Саад ал-Хариринин кызматтан кетүү жөнүндөгү жарыясы пайда кылган кризисти жөнгө салуу максатын көздөгөндөй.

Харири кызматтан кетерин 4-ноябрда Саудияда жарыялаганда мунун эки себебин: Иран колдогон “Хезболла” согушчан тобунун Ливанды “мыкчып” турганын, ошондой эле жеке өз өмүрүнө да коркунуч барын айткан. Ошону менен катар ал "араб дүйнөсүнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деп Иранды да сындаган.

Француз президенти Эммануель Макрон Харирини Парижге келүүгө чакырган. Айрым маалыматтарда ал француз борборуна бүгүн барары айтылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG