Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:37

АКШда Sputnik радиосун обого чыгарган компания чет элдик агент катары катталат


"Орусия бүгүн" компаниясынын Москвадагы кеңсеси.
"Орусия бүгүн" компаниясынын Москвадагы кеңсеси.

АКШнын Юстиция министрлигине орусиялык Sputnik радиосун обого чыгарган Restor Translator компаниясы чет элдик агент статусун алуу үчүн документтер топтомун жиберди. Бул тууралуу “Ачык медиа” долбоору кабарлады. Restor арызды 15-ноябрда тапшырган.

Компания өзүнүн өнөктөшү катары Sputnik курамына кирген эл аралык “Россия бүгүн” агенттигин атаган. Бирок Restor өзүнүн каржы булактарын ачык көргөзгөн эмес. “Ачык медиа” келтирген документтерге ылайык, Restor “Орусия бүгүндөн” FM-сигналды обого чыгарганы үчүн айына 30 миң доллардан алып турган.

14-ноябрда АКШнын Юстиция министрилиги RT телеканалынын америкалык бөлүмүнүн каттоосу тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган. 15-ноябрда Орусиянын Мамдумасы чет өлкөлүк ЖМКлар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү бир добуштан колдогон. Ага ылыйык эл аралык медианы чет элдик агент катары эсептөөгө болот.

Ошол эле күнү Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматына алардын ишине айрым чектөөлөр киргизилери тууралуу маалымдама жөнөткөн.

Буга байланыштуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосу билдирүү таратты. Анда “АКШдагы орусиялык жана Орусиядагы чет элдик журналисттерге Орусияда түзүлгөн кескин шарт айырмаланып турат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттери кодулоого жана коркутууга кабылууда. Мындан тышкары, RT телеканалы АКШда өз маалыматтарын эркин тарата алат. Ошол эле маалда Орусиядагы "Эркин Европа/Азаттык" радиосу кабелдик түйүнгө чыга албайт" деп айтылган.

2012-жылы мыйзамга өзгөртүү киргенден бери “Азаттыктын” орус кызматы Москвада радиоуктурууларын токтотууга аргасыз болгон.

Маалымдоо каражаттарын “Чет элдик агенттер” деп тааныган мыйзам долбоорун ЕККУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алган.

XS
SM
MD
LG