Эл аралык балдар күнүнө карата Бишкектеги №87 орто мектепте окуучулар мектеп жетекчилигин бир күн колуна алышат. Алар мугалимдердин ордуна сабак өтүп, окуучуларга балдардын укугу тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары майып балдардын коомчулукка аралашуусунун мааниси жөнүндө да сабактар жана түрдүү флешмоб акциялар өтөт.
Иш-чара 20-ноябрь күнү, №87 мектепте болот. Аны ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Билим берүү жана илим министрлиги уюштурууда.
20-ноябрь Балдардын эл аралык күнү. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча балдар өздөрүнүн укугу, зордук-зомбулукка жана адилетсиздикке каршы иш-чараларды уюштурушат.
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 264 миллион бала мектепте окубайт. Беш жашка чейинки 5,6 млн бала өткөн жылы оорудан каза тапкан.(ZKo)