Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Султан Раев эл аралык адабий сынакта биринчи орун алды


Сүрөт Султан Раевдин соцтармактагы баракчасынан алынды
Сүрөт Султан Раевдин соцтармактагы баракчасынан алынды

Кыргызстандык жазуучу Султан Раевдин "Топон" романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта биринчиликти багындырды. Бул тууралуу жазуучу, драматург Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. Ал баракчасына жазгандай, жалпысынан сынакка дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучунун эмгектери келип түшкөн: ​

- Мен катталган "Ири проза" категориясына 347 роман жана повесттер келип түшүптүр. Ошолордун арасынан "биринчи орунду "Топон", Султан Раев, Кыргызстан" алды деген сөздү укканда, чынын айтайын кубанганымдан көзүмө жаш алдым, - деп жазды жазуучу.

Султан Раевге биринчи орун менен кошо "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык да тапшырылган.

"Топон" романы жакында Москва шаарынан басылып чыкмакчы.

Жазуучу, драматург Султан Раев буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. Анын "Канышанын көз жашы" чыгармасы Англиянын канышасы Елизавета II атайын сыйлыгына татыган. Учурда аталган пьеса Лондондогу театрларда коюлуп жүрөт. Раевдин дагы бир "Суфлер" пьесасын койгон "Туңгуч" театры Лондондогу фестивалда баш байгени утуп алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG