Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:55

Санкт-Петербургда Тажикстандын жараны уурдалганы кабарланды


Санкт-Петербург шаарынын полициясына Тажикстандын 43 жаштагы тургуну кайрылып, 17-ноябрь күнү белгисиз бирөөлөр анын 41 жаштагы инисин машинеге отургузуп, алып кетишкенин билдирген. Алар өздөрүн "полиция кызматкери" деп тааныштырып, күбөлүк көрсөтүшкөн. Тажик жараны инисин салып кеткен автоунаанын мамлекеттик номурун эстеп калган.

Жергиликтүү "Фонтанка" басылмасы полиция унаанын ээсин аныктаганын, бирок ал полицияда иштебей турганы белгилүү болгонун жазды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG