Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Статистикалык комитет: мейманкана жана ресторан бизнеси өнүгүүдө


2017-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн мейманканалары жана ресторандары 14.2 млрд сомдук кызмат көрсөтүшкөн. Бул өткөн жылдын тогуз айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 7,4% көп деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Быйылкы жылдын үчүнчү кварталында мейманкана жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсү өткөн жылга караганда 8,3% өскөн. Бул тармактагы өсүү өлкөнүн Нарын облусунан башка бардык аймактарында байкалган.

Туризм жаатындагы эксперттер Кыргызстанда тейлөө аздан болсо да эл аралык стандарттарга ылайыкташып келе жатканын, бирок баалары салыштырмалуу кымбат экенин айтып жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG