Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:27

Сирияда "Ислам мамлекети" радикал уюмунун акыркы таянычы бошотулду


Сириянын Хараста аймагындагы көрүнүш.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары өкмөттүк армия Албу Камал шаарын "Ислам мамлекети” радикал уюмунан кайтарып алганын кабарлашууда. САНА агенттиги 19-ноябрда жазганына караганда, куралдуу күчтөр жана анын өнөктөштөрү Ирак менен чек ара аймагындагы шаарчаны толугу менен өз көзөмөлүнө алышты. Эми жихадчылардын колунда майда айыл-кыштактар жана чөлдөгү кээ бир жерлер гана калды. Сирия армиясы ай башында Албу Камалды алышканын жарыялашканы менен согушкерлер кийин контр чабуул коюп, шаарды кайрадан ээлешкен.

Британияда жайгашкан Сирия Обсерваториясы адам укуктарын коргоо уюму жихадчылар Албу Камалдын четиндеги райондордо дагы деле согушуп жатканын 19-ноябрда билдирди.

XS
SM
MD
LG