Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Францияда көчөдө намаз окууга уруксат берилбейт


Намаз окуп жаткан мусулмандар.
Намаз окуп жаткан мусулмандар.

Франциянын ички иштер министри Жерар Коллон 19-ноябрда "Саясий суроолор" деп аталган программада "Көчөлөрдө намаз окууга болбойт, биз буга тоскоолдук кылабыз" деп жарыялады. Программа "Le Monde" гезити, "Franceinfo" жаңылыктар порталы жана "France Inter" радиосу тарабынан биргелешип даярдалган.

Министр Париждеги Клиши-ла-Гаренн шаарындагы чатакка да комментарий берди. 10-ноябрда "Республикачы" партиясынын, орточул UDI жана "MoDem" партияларынын жүздөй мүчөсү шаардын көчөлөрүндө намаз окууну токтотууга чакырган плакаттарды көтөрүп, жүрүшкө чыгышкан. Алар "Марсельезаны" ырдап, жергиликтүү мусулмандарга шаардык мэриянын алдында жума намаз окууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Шаар мэриясынын алдында мусулмандар тогуз айдан бери намаз окуп келатышат. Алар март айында шаардын борборундагы 5000 киши сыйган намазкана бийликтин чечими менен жабылгандан бери каршылык иретинде жума намазга ачык асман алдында чогулушат. Мэр намазканага ижарага берилип келген муниципалдык имараттын мөөнөтүн узартуудан баш тартып, мусулмандарга бир жарым чакырым аралыктагы мечитке барууну сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG