Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Ташкентте суу кызматташтыгына арналган илимий конференция болот


Кыргызстандагы Киров суу сактагычы.
Кыргызстандагы Киров суу сактагычы.

Жыйын Борбор Азиядагы өлкө аралык суу чарба комиссиясынын 25 жылдыгына карата 23-24-ноябрь күндөрү өтөт. Ага аймактагы өлкөлөрдүн суу чарба уюмдарынан, Аралды сактап калуу фондунан, эл аралык уюмдардан өкүлдөр жана суу тармагы боюнча адистер, окумуштуулар катышат.

Иш-чаранын алкагында “Суу технологиялары жана суу чарбасы - WATER-2017” аттуу эл аралык көргөзмө уюштурулат. Анда суу ресурстарын пайдалануудагы жетишкендиктер, инновациялык усулдар жана суу ресурсун башкаруунун жаңы технологиялары жыйындын катышуучуларынын назарына сунушталат.

Борбор Азиядагы өлкө аралык суу чарба комиссиясы 1992-жылы 18-февралда Алматы шаарында түзүлгөн. Анда Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын суу чарба министрлери суу пайдалануу, башкаруу жана коргоо боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшкан. Аталган комиссия ушул келишимге ылайык түзүлүп, 1993-жылы 26-мартта мамлекет башчылары тарабынан бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG