Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап баштайт


№47 абактын сыртынан көрүнүшү.
№47 абактын сыртынан көрүнүшү.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын шакирти Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу сот чечимдери боюнча алардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 20-ноябрда Жогорку Сот биздин көзөмөл арызды карайт. Биз Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов боюнча райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу, аларды актоону өтүнүп жатабыз.

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча көзөмөл арызды айыптоочу тарап да жазган.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG