Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Анкаранын мэриясы ЛГБТ өкүлдөрүнө маданий иш-чара өткөрүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анкара шаарынын мэриясы сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө спектаклдерди, кинолорду коюуга жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Анкаранын расмий сайтына 19-ноябрда жарыяланды. Тыюунун себеби катары коомдук тартипти сактоо жана түрдүү чагымдарды алдын алуу тууралуу айтылганын "Немис толкуну" маалымдады.

15-ноябрда шаар бийлиги ушундай эле себеп менен борбор калаада ЛГБТ кинофестивалын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Германиянын Түркиядагы элчилиги болчу. Фестивалда немис режиссерлорунун тасмалары коюлмак. Фестивалды өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу токтом иш-чарага бир күн калганда чыккан. Токтомдо фестивал учурунда чагым жана теракт болуп кетүү коркунучу бар экени, "тасмалар коомдун башка бир бөлүгүндө жек көрүү сезимдерин пайда кылышы ыктымал экени" айтылганын AFP агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG