Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 21:06

Сирияда ирандык кол башчылардын бири окко учту


Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери. Ракка провинциясы, 8-февраль, 2017-жыл.

Иран медиасы Сирияда "Ислам революциясын коргоо" корпусунун кол башчыларынын бири каза тапканын билдирди. Иран куралдуу күчтөрүнүн тандалма аскерлери Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигин колдоп согуш майданында жүрөт. Иран офицери "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары менен кармашта мерт болгон.

"Фарс" агенттиги 19-ноябрда маалымдагандай, Хайрулла Самади сирия-ирак чек арасына жакын Абу-Кемал шаарындагы согуш учурунда окко учкан.

2016-жылы ирандык "Азап чегүүчүлөр" фонду Тегерандын буйругу менен Сирияга барган миңден ашуун аскер өлгөнүн кабарлаган. Алардын арасында кол башчылар да бар.

XS
SM
MD
LG