Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Бишкектин «Жумушчулар шаарчасына» кабаттуу имарат куруу маселеси талкууланды


«Жумушчулар шаарчасынын» картасы жана мэриядагы жыйын.
«Жумушчулар шаарчасынын» картасы жана мэриядагы жыйын.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери менен Бишкек шаардык башкы архитектура кызматынын адистери башкалаанын «Жумушчулар шаарчасына» көп кабаттуу имараттарды куруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, борбор калаанын архитектура кызматына “жумушчулар шаарчасына” көп кабаттуу имараттарды, мейманкана комплекстерин жана башка объектилерди куруу боюнча курулуш фирмаларынан сунуштар келип түшкөн. Бул боюнча архитекторлор түшүндүрмө берип, эгер Маданият министрлиги каршы болбосо курулуштарга уруксат берилиши мүмкүн экенин айтышкан.

Ал эми Маданият министрлигинин маданий мурастар боюнча адистери “жумушчулар шаарчасы” шаар куруунун эстелиги болуп саналаарын, ошол себептүү ага бийик имараттарды куруу туура эмест экенин айтып, идеяга каршы чыгышкан. Алардын пикиринде бул шаарчада имараттардан бийиктиги бир, бир жарым кабаттан ашпашы керек.

Тараптар маселени бир сыйра талкуулап, бир чечимге келе алышкан жок.

“Жумушчулар шаарчасы” 1930-жылдары айлана формасында курулган. Ал идеалдуу шаардын элесин берет деп эсептелет. Шаарчанын концепциясына ылайык бул ортодо имараттарда бир-эки кабаттан жогору болбошу керек. (ErN)

XS
SM
MD
LG