Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:56

Атамбаев: "Мегаком" сатылган акчага "Коопсуз шаарды" башташ керек


"Мегаком" компаниясы.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Мегакомду" сатып, түшкөн акчага "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш керек деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Атамбаев "Мегакомду" түз сатуу жолун сунуш кылганын билдирди:

- Бир сатуучу чыккан, бирок баасы боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Баасы кымбатыраак. Компаниянын баасын 20-30 пайызга арзандатып, сатуудан түшкөн акчага "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш керек деп эсептейм. Бирок ага өз акчасын жумшоого даяр болгон инвестор табылса жакшы болмок, - деди Атамбаев.

Учурдагы бийлик адегенде "Мегакомдун" ("Альфа Телеком") 100 пайыз акциясын былтыр февралда 19 миллиард сомго сатыкка чыгарган. Бирок андан бери үч сыйра сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

Жакында "Мегаком" уюк компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга даяр экенин орусиялык Елена Нагорная аттуу жаран билдирип чыккан. Бирок өткөн аптада аны менен да сүйлөшүү токтогону маалымдалды. (BkA/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG