Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Орусиядан келген жаран экстремизм боюнча шек менен кармалды


«Манас» аэропорту. Иллюстрация.
«Манас» аэропорту. Иллюстрация.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Анда айтылгандай, 20-ноябрь күнү «Манас» эл аралык аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекетинен чек арачылар Кыргызстандын экстремизм боюнча шектүү жаранын колго түшүрүшкөн.

Кармалган 23 жаштагы Ш.К. аттуу жаран № 562 рейси аркылуу Москвадан учуп келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда өзүн шектүү алып жүргөн жарандын колундагы сумкаларды чек арачылар текшерүүгө алган. Натыйжада анын сумкасынан жана уюк телефонунан экстремисттик багыттагы фото-видео материалдар табылган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG