Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Кыргызстанда Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленүүдө


Бишкекте ЮНИСЕФ менен чогуу уюштурулган иш-чара.
Бишкекте ЮНИСЕФ менен чогуу уюштурулган иш-чара.

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы "Келечек" жаңы конушунун №87 мектебинде Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип, #KidsTakeOver глобалдык акциясы колдоого алынды. Окуучулар бий флешмобун, балдар укуктары боюнча сабактарды, ошондой эле майыптыгы бар балдарды коомго тартуунун маанисин көрсөткөн “боорукердик сабагын” өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин маалымат кызматкери Тынымгүл Эшиева “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда мындан башка мектептерде да ушул сыяктуу майрамдар өткөрүлүүдө.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 264 миллион бала мектепте окубайт. Беш жашка чейинки 5,6 млн. бала былтыр оорудан каза тапкан.

Бул майрам бүгүн 130дан ашуун өлкөдө белгиленүүдө. ЮНИСЕФ үнү жетпей калып жаткан миллиондогон балдардын пикирин угууга жардам бериш үчүн өнөктөштөрү менен #KidsTakeOver акциясын уюштурууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG