Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Мьянмада Азия, Европа өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери чогулду


Бангладешке ооп бараткан рохинжа мусулмандары.
Бангладешке ооп бараткан рохинжа мусулмандары.

Дүйшөмбүдө Мьянмада Азия жана Европа өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды. Анда рохинжа мусулмандарынын кризиси көңүл борборунда болгону турат.

Жыйынга Европанын 30, Азиянын 21 мамлекетинин өкүлдөрү катышып жатат.

Ушул жумада Бангладештин тышкы иштер министри Абул Хасан Махмуд Али мьянмалык кесиптештери менен качкындарды мекенине кайтаруу жолдорун сүйлөшөрү күтүлөт.

Августтан бери Мьянманын Ракхайн штатындагы куралдуу кагылыштан качып Бангладешке агылган рохинжалардын саны 600 миңге жетти. Мьянманын жетекчилиги өзүнө карата айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Өткөн аптада Мьянмага барганда АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кыянатчылыкка жоопкер адамдар үчүн Кошмо Штаттар жекече санкцияларды караштыраарын билдирген.

Мурдараак БУУ рохинжалардын арасынан чыккан жоочуларга каршы өкмөттүк аскерлердин операцияларынын учурунда "этностук тазалоо" болгонун да белгилеген.

XS
SM
MD
LG