Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 11:48

Казакстанда терроризм боюнча шектүүлөр камакка алынды


Сот имаратынын көрүнүшү.

Түштүк Казакстан облусунда терроризмди пропагандалоого жана кастыкты козутуу боюнча шек менен кармалган топ Ал-Фараби райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун судьясы Гани Байарыстан билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын сегизи "Терроризмге үгүттөө" жана экөө "Кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталып жатышат. Алар 20 жаштан 50 жашка чейинки курактагы Казакстандын жарандары.

16-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматы Шымкенттин Сайрам районунун 11 тургуну кармалганын билдирген. Облустук прокуратуранын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ошол эле күнү алардын ону баш коргоо чарасы катары камакка алынган. Бирөө жашы жете элек болгондуктан кармалган эмес.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG