Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Инаугурация күнү Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына байланыштуу 24-ноябрь күнү башкалаанын Чыңгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектилериндеги унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия шаардыктардан ошол учурда башка жол менен каттап турууну суранды.

Бул маалыматты ИИМдин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгы да ырастады.

Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчылык кызматка расмий киришүүсүнө арналган салтанат Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Салтанатка чет өлкөлөрдөн жогорку кызматтагы расмий коноктор чакырылбай турганы кабарланган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев 2011-жылы келген. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчылык кызмат тынч жол менен өткөрүлүп берилүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG