Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Абдыгулов вице-премьерликке сунушталууда


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги вице-премьер министрлик кызматка сунушталууда. Бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетине барып, Абдыгуловдун талапкерлигин сунуш кылды. Натыйжада депутаттар ага макулдугун беришти.

Вице-премьерлик кызматты ээлеп турган Дүйшөнбек Зилалиев өткөн аптада "башка жумушка которулушуна байланыштуу" деген негизде иштен алынган.

41 жаштагы Абдыгулов соку үч жылдан бери Улуттук банкты башкарып келген. Биринчи вице-премьерликке үч ай мурда дайындалган.

Мыйзам боюнча эми анын талапкерлиги фракцияларда каралып, парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG