Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Гаага соту Ооганстандагы согуш кылмыштарын иликтөөнү көздөйт


Гаагадагы Эл аралык соттун имараты.
Гаагадагы Эл аралык соттун имараты.

Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы болжолдуу согуш кылмыштарын иликтөөгө аракет кылган жатат. Тиешелүү арыз 20-ноябрда жөнөтүлдү. Анын алкагында америкалык аскерлер, АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери, талип согушкерлери аралашкан мыйзам бузуу фактылары териштирилмекчи. Ошентип, Гаагадагы трибунал амеркиалыктардын согуш кылмыштарына кириптер болушун биринчи жолу иликтөөнү көздөп жатат. Соттун прокурору Фату Бенсуда тергөө Ооганстандагы “жазасыз калып жаткан дээрлик тоталдык учурларды” ачыкка чыгарышы мүмкүн экенин айтты. АКШнын Мамлекеттик департаменти Эл аралык соттун арызын карап жатканын, бирок анын Ооганстан боюнча иликтөө жүргүзүшүнө каршы экенин билдирди.

“Сот АКШнын кызматкерлерин иликтөөсү негизсиз болот”, - деп белгиледи департамент. Ошондой эле ал "сунуш кылынган териштирүү Ооганстандагы тынчтыкка жана адилеттүүлүккө салым кошпойт" деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG