Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:13

АКШ генералы Ооганстандан талиптерди сүрүп чыгууну көздөйт


Генерал Жон Николсон, 20-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин командачысы талиптерди сүрүп чыгып, ооган коопсуздук күчтөрүнө өлкөнүн кеминде 80 пайызын көзөмөлгө алууга жардам бере турган 2 жылдык планды сунуш кылды. Генерал Жон Николсондун айтымында, ушу тапта "Талибандын" согушкерлери өлкө аймагынын 40 пайызга жакынын ээлешкен же ээлегенге аракет кылышууда. Генерал өз максатына жетишсе, Кабул өкмөтүнүн легитимдүүлүгү артып, кийинки жылы өтө турган парламенттик, 2019-жылдагы президенттик шайлоонун ишенимдүүлүгү камсыз болмокчу.

Августта президент Доналд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялап, ал жакка кошумча 3 миң аскер жөнөтүлөөрүн билдирген. Бул план ишке ашса, Ооганстандагы АКШ аскерлеринин контингенти 14 миң кишиге жетет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG