Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Иран "Ислам мамлекети” кыймылы жеңилгенин жарыялады


Ирандын президенти Хасан Роухани, 6-ноябрь, 2017-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани, 6-ноябрь, 2017-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн мамлекеттик телеканалдын түз эфиринен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жеңилгенин жарыялады. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлайт.

"Ислам революциясынын сакчыларынын" өкүлү генерал-майор Касем Солеймани да Ирандын жогорку лидерине кайрылуусунда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму талкаланганын билдирди. "Сакчылардын" чет жактардагы операцияларына жооп берген "Кудс" күчтөрүнүн Сирия менен Иракта жихадчыларга каршы уруштарга катышкан бөлүктөрүнүн кол башчысы Солейманинин Сириядагы Албу Камал шаарынан тартылган сүрөттөрү бир нече күн мурун тараган. Калаа “Ислам мамлекетинин” ал өлкөдөгү акыркы ири таянычы болчу.

"Революция сакчыларынын" гвардиясы - Ирандын эң чоң аскердик күчтөрү. Ал бир нече жылдан бери президент Башар Асадды жана борбордук өкмөттү колдоп келатат.

XS
SM
MD
LG