Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Ак-Сууда жаңы бейтапкана ачылды


Сары-Камыш айылындагы жаңы медициналык мекеме.
Сары-Камыш айылындагы жаңы медициналык мекеме.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда заманбап фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди.

Долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен Катар мамлекетинин “Qatar Charity” кайрымдуулук уюмунун ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылды.

Аталган уюм Сары-Камыш айылында ачылган бул медициналык мекемени толугу менен каржылады. Ал мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Ичинде жугуштуу оорулуулар үчүн өзүнчө бөлмөсү бар, бейтаптарды педиатр, терапевт кабыл алат. Жаңы мекеме эмерек жана шаймандар менен камсыз кылынган.

Имаратта санитардык шарттар түзүлгөн, жылуулук системасы орнотулган.

- Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды эмдеп туруш үчүн жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүш үчүн мындай клиникалар ар бир айылда болушу зарыл, – деди Ак-Суу районунун акиминин орун басары Элчибек Жантаев.

Катардын кайрымдуулук уюму быйыл Кыргызстанда сегиз медициналык жай ачып берди.

Кыргызстанда каржынын жетишсиздигинен улам көптөгөн социалдык мекемелер эски, кызматкерлер жетишсиз экенин өкмөт өзү да, укук коргоочулар да айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG