Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Президент Атамбаев альтернативдүү автожолдун курулушун көрдү


Президент Алмазбек Атамбаевдин жолду көрүп жатан учуру.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жолду көрүп жатан учуру.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-ноябрда Жалал-Абаддагы жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк автожолунун курулушун көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчыга бул жолду куруу долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат берип, жолго курулуп жаткан эки эстакадалык көпүрөнү көргөздү. Экөөнүн жалпы узундугу 1472 метрди түзөөрү айтылды. Президент курулуш менен таанышкандан кийин, жолду курууну тездетүүнү тапшырды.

Ош-Бишкек жолуна альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун экинчи фазасынын узундугу 96 чакырым. Жолдун курулушу 2015-жылы августта башталган.

Президент Атамбаев Жалал-Абаддагы жумушчу сапарынын алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты. Мындан тышкары, ал “Газпром” компаниясы каржылаган дене тарбия, саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салды. (ErN)

XS
SM
MD
LG