Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 450 киши чакырылат, алар коомчулук, интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болот.
Иш-чаранын сценарийи бүгүн президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов өткөргөн жыйында макулдашылды.
Инаугурация 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында өтөт. Анын башталышы саат 10:00гө белгиленди.
Жээнбеков ант берип, президенттик күбөлүк, төш белги жана мамлекет башчынын штандартын кабыл алгандан кийин үч жолу артиллериялык залп атылат.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Ак үйгө келишет. Жаңы президент ардак кароол алдында Улуттук гвардиянын башчысынын рапортун кабыл алгандан кийин президенттин иш бөлмөсүнө кирет.
Ант берүү салтанаты мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Бул маалда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат.
Инаугурацияга жалпысынан 8 млн. 404 миң сом сарпталары эсептелип чыкты.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоону Сооронбай Жээнбеков уткан. Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылдын 1-декабрында өткөн. (RK)