Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:45

Украина Евромайдан башталган күндү белгилөөдө


Украина Ар-намыс жана Эркиндик күнүн белгилеп жатат.

2013-жылдын ноябрында "Евромайдан" деген аталыш менен белгилүү болгон окуялар башталып, үч айдан кийин президент Виктор Януковичтин бийлиги кулатылган.

Бүгүн мамлекет башчы Петро Порошенко жубайы менен, премьер-министр Володимир Гройсман жана парламент спикери Андрей Парубий Киевдеги Эгемендик аянтындагы монументке гүл чамбар, шамдарды коюшту.

Монумент коопсуздук күчтөрү демонстранттарды кууп таратканда мерт болгондордун урматына орнотулган.

Евромайдан Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашууну көздөгөнүн билдиргенден кийин башталган. 2014-жылдын февралында президент кризисти жөнгө салуу тууралуу макулдашууга кол койгон, бирок көп узабай бийликтен кетип, Орусияга качкан. Москва болсо бир айдан кийин Крым жарым аралын басып алуу, өлкө чыгышындагы жикчилдерди колдоо менен жооп берген.

XS
SM
MD
LG