Орусиячыл жикчилдер ээлеп алган Украинанын Луганск шаарынын борборун белгисиз куралдуу кишилер басып алышты. Алар өздөрүн "Луганск элдик жумурияты" (ЛНР) деп атаган аймактын административдик имараттарына барчу жолдорду бууп салышты. ЛНРдин лидери Игорь Плотницкий шаарды бошотууга буйрук берди, бирок алар талапты аткарышкан жок. “Новая газета” маалымдагандай, Луганскка “Донецк элдик жумуриятынын” мамлекеттик күзөт кызматы деп аталган түзүмдүн куралчан жикчилдери үч жүк ташуучу машине менен келишти.
Ал жердеги окуяларды айрымдар Плотницкий менен ЛНРдин ички иштер министри Игорь Корнеттин ортосундагы жаңжалга байланыштырышууда.
20-ноябрда ал кызматынан алынган, бирок маалымат каражаттары анын буйрукка баш ийбегенин жазышууда.
Корнет куралчан адамдардын пайда болушун түшүндүрүп, түн ичинде украиналык диверсиялык топ кармалганын билдирди.
- Бүгүн түн ичинде биздин жумурияттын аймагында бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну көздөгөн украиналык диверсиялык топтун көпчүлүк мүчөлөрү кармалды. Бирок майдалары качып үлгүрдү.
Украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин Донбасстагы согушу 2014-жылды апрелинен бери 10 миңдей кишинин өмүрүн кыйды.