Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 10:14

Сулейман Керимов 20-ноябрь күнү Ницца аэропортунда кармалганын ТАСС орус элчилигине таянып билдирди. Прокуратура өкүлү Керимов салык төлөбөгөнү үчүн кармалганын "Reuters" агенттигине маалымдаган.

Февраль айында полиция анын Франциянын түштүгүндөгү 12 миң чарчы метрлик "Hier" вилласында тинтүү жүргүзгөн. Жергиликтүү "Nice-Martin" басылмасы бул вилланы жана дагы бир нече кымбат турак жайларды Керимовго таандык деп жазган. Документтер боюнча бул виллалар швейцариялык финансист Александр Штудхальтерге таандык. Бирок гезит полиция андан "хансарайлардын чыныгы ээсин жашырып жатат" деп шектенип жатканын жазган.

Сулейман Керимов Орусиядагы Федерация кеңешине 2008-жылы Дагестандан мүчө болуп шайланган. Былтыр ал Орусиядагы 200 бай ишкердин арасынан 45-орунду ээлеген, анын байлыгы 1,6 млрд доллар.

XS
SM
MD
LG