Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:58

Түндүк Кореядан Орусияга жумушчу жиберген компания санкцияга кабылды


Орусия менен Түндүк Кореянын чек арасы.
Орусия менен Түндүк Кореянын чек арасы.

АКШ Түндүк Кореяга каршы санкцияларын дагы кеңейтти. Бул жолу ага бир кытай жараны, 13 ишкана жана бир нече соода кемеси кирди. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча санкциялар Пхеньяндын өзөктүк программасын каржылоо мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Санкцияга кабылган ишканалардын бири Түндүк Кореядан жумушчуларды Орусияга, Кытайга жана Камбоджага жиберип турган. Ал эми жумушчулардын эмгек акысы Түндүк Корея өкмөтүнүн эсебине жиберилчү, деп маалымдайт Каржы министрлиги. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы боюнча сентябрь айынан тартып түндүк кореялыктарга чет мамлекеттерде иштөөгө уруксат берилбеши керек.

Июль айында "Human Rights Watch" уюму Түндүк Кореянын жарандары Санкт-Петербург шаарындагы стадиондун курулушунда иштешкенин, ал эми акчаны өз өкмөтүнө жиберип турганын билдирген. Москва жумушчулардын укугу бузулбаганын ырастоодо.

20-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кайрадан кошту.

XS
SM
MD
LG