Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Парламент Абдыгуловду жаңы кызматка дайындоо маселесин карайт

Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

22-ноябрда Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду вице-премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча өкмөттүн сунушун карайт.

21-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети бул маселени карап, вице-премьерлик кызматка Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган.

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев өткөн аптада "башка жумушка которулушуна байланыштуу" деген негизде иштен алынган.

41 жаштагы Абдыгулов биринчи вице-премьерликке үч ай мурда дайындалган. Ага чейин үч жыл Улуттук банкты башкарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG