Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:44

Баткендин Исфана шаарында 22-ноябрда боло турган бизнес-форумга Ош, Жалал-Абад облустарынан ишкерлер, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Алар сыртта жүргөн мигранттар жиберген акчаны пайдалуу сарптоо маселесин талкуулашат.

Иш-чаранын уюштуруучусу, "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, чакан ишкерлик кылуу менен сыртта жүргөн мигранттардан келген акчаны жалпы өнүгүүгө жумшоо боюнча тажрыйба алмашуу болот:

- Акча каражатын үнөмдүү жана сарамжалдуу иштетүү - мигранттардын үй-бүлөсү үчүн социалдык капитал. Биздин коомдук фонду үч жылдан бери мигранттардын үй-бүлөлөрүнө кичи жана чакан бизнести үйрөтүп жатабыз. Бизнес-план жазуудан тартып, аны кантип алып барууга чейин үйрөнүшөт.

"Лейлек-Инсан" коомдук фонду буга чейин мигранттардан келген акчага чакан ишкерлик кылуу боюнча окутууларды жүргүзүп келген. Долбоордун алкагында кол өнөрчүлүк, наабайкана, күнөскана, тигүү цехи жана башка тармакта 12 чакан ишкана ачылган.

Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттар жылына 1,5-2 млрд. доллардын айланасында каражат которушат. Эксперттер бул акчанын көпчүлүк бөлүгү максатсыз сарпталып, аш-тойлорго киришип кетерин айтып келишет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG