Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кырсыкка кабылган унаалардын бири УКМКга таандык экени аныкталды


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөр. 16-ноябрь.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөр. 16-ноябрь.

Чыңгыз Айтматов проспектинде жол кырсыгына кабылган автоунаалардын бири - "Chevrolet Suburban" машинеси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке таандык экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Патрулдук милиция мекемесинин басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Бугубаев "Азаттык" радиосуна бүгүн билдирди.

Анын айтымында, машинени УКМКнын 9-бөлүмүнүн 27 жаштагы кызматкери айдап бараткан. Ал автоунаасын “Ак-Жол” атайын гаражынан техникалык кароодон өткөрүп, мамлекеттик резиденцияга жөнөп бара жаткан.

Бугубаев ошондой эле президенттик кортежди коштоочу бул транспорт кырсыкка учураган маалда эч кимди коштобостон, өз алдынча баратканын белгиледи. Анын айдоочусу кабинада жалгыз болгон.

Ал эми кырсыктын экинчи катышуучусу - "Land Cruiser Prado" автоунаасын 19 жаштагы жаран башкарып бараткан.

Алдын-ала маалыматка караганда, эки айдоочу тең мас эмес болчу. Кырсыкка ким күнөөлүү экени аныктала элек. Олуттуу жабыркагандар жок.

16-ноябрда эртең менен саат сегиз жарымдарда Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектинде "Land Cruiser Prado" жана "Chevrolet Suburban" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан. Машинелердин бири президенттик кортежди коштоп баратып кырсыкка кабылганы жөнүндө маалымат тараган. Өзүн жол кырсыгына кабылган экинчи автоунаанын айдоочусунун апасы катары тааныштырган аял журналисттерге окуяга президенттик кортежди ээрчиген машине айыптуу экенин, ал жолдо ойку-кайкы айдап, карама-каршы багыттагы жолго чыгып алганын билдирген.

Чыңгыз Айтматов проспектиси "өкмөттүк трасса" деп аталат. Бул көчө менен күн сайын мамлекеттик күзөткө алынган жетекчилерди ташыган унаалар резиденцияга каттайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG