Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:53

Атамбаев Путин менен Мирзиёевге сыйлык ыйгарды


Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу жарлыкка ал бүгүн кол койду. Анда сыйлык "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" берилгени айтылат.

Ошондой эле бүгүн кыргыз президенти Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевди «Данакер» ордени менен сыйлады. Жарлыкта бул сыйлык эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон жеке зор салымы үчүн ыйгарылганы айтылды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG