"Кол салуу болгон күнү инимдин капчыгында 400 эле сому бар экен, эгер ал байлыгы үчүн кооптонсо жок дегенде үйүнө дарбаза тургузуп алмак", - деди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүнө байланыштуу маселе парламентте каралып жатканда.
Кечээ бул маселе "Ата Мекен" фракциясында талкууланып, бүгүн жалпы жыйында милициянын маалыматы угулду.
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол салгандар Улан Саляновдон акча талап кылганын, ошондуктан тергөөдө "каракчылык" деген версия каралып жатканын айтты.
Аида Салянова өз сөзүндө кол салуу атайын даярдалган деген оюн билдирди:
- Кылмыштан бир нече саат өтө электе “саясий себеп жок” деп ИИМ билдирди. Бирок бул учурда ИИМдин колунда эч кандай далил жок болчу. Райондук тергөөчү ушундай билдирүү жасамак беле? Демек, тергөөнү кимдир-бирөө башкарып, кантип сүйлөш керек экенин көзөмөлдөп жатат. Мага карата соңку жылдардагы маниакалдык саясий куугунтукту эске албаганда да, жеке мен козгогон ондогон кылмыш иштер, жоопко тартылгандар бар эмеспи. Эч болбогондо “тергөө толук жана объективдүү жүрүп жатат” деген түр көрсөтүш үчүн да саясий себепти кошуп айтышса болмок. Бул кылмыш тобу дал ушул иш үчүн атайын даярдалган. Ал күнү инимдин капчыгында 400 сом гана болгон. Көп акчасы болсо ал терезелерине темир тагып, видеокөзөмөл орнотуп, эч болбогондо дарбаза тургузуп коймок. Бул кылмышка ким буйрук берди? Мени мыйзамды бузганым эмес, бузбаганым үчүн соттошту. "Бул жерде саясий себеп жок" деп ким кепилдик бере алат?
Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.
Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.
Оппозициялык саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (RK)