Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Тбилисинин чет жакасында атышуунун үнү угулууда


Тбилисинин борбору.
Тбилисинин борбору.

Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, Грузиянын коопсуздук күчтөрү башкала Тбилисинин чет жакасынын эл жашаган районунда куралчандарга каршы операция өткөрүп жатат.

Грузиянын мамлекеттик Биринчи каналы коопсуздук күчтөрү бүгүн эртеден бери кеминде эки чет элдик куралчан кишини колго түшүрүүгө аракет кылып жатышканын маалымдады.

Жергиликтүү медианын кабарларында ок атышуу менен катар бир жарылуунун да үнү угулганы айтылат.

Коопсуздук күчтөрү колго түшүрүүнү көздөгөн шектүү кишилер “чет элдик террордук уюмдар” менен байланышта болгон деген божомол бар. (UE)

XS
SM
MD
LG