Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Нью-Йорктогу теракт: Саиповго жаңы айыптар коюлду


Сайфулло Саипов.
Сайфулло Саипов.

Нью-Йорк сотундагы чоң жюри судьянын өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саиповго каршы 22 айыптан турган жаңы кортундусун бекитти. Ага ылайык Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталууда. Эгер ал сотто да киши өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн.

АКШга 2010-жылы Грин-карта менен барган, теги өзбекстандык Сайфулло Саипов быйыл 31-октябрда Нью-Йорк шаарында адамдарды жүк ташуучу чакан автоунаа менен атайылап койдурганда сегиз киши өлүп, 12 киши жарадар болгон. Аны полиция окуядан көп өтпөй эле кармап, терроризм боюнча айып таккан.

31-октябрдагы окуя Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрдагы ири чабуулдардан кийинки алгачкы террордук кол салуу болду. (UE)

XS
SM
MD
LG