Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

НТСтин оператору таяк жеп, ооруканага түштү


Урмат Акынбек уулу.
Урмат Акынбек уулу.

НТС телеканалынын оператору Урмат Акынбек уулун, анын аялын жана кайненесин белгисиз үч киши сабап кетти. Бул тууралуу анын кесиптеши, НТС каналынын журналисти Азият Жекшеев билдирди.

Окуя 21-ноябрда кечки саат 20:00 чамасында оператордун үйүнүн жанында болгон. Дүкөндөн чыккан Урмат Акынбек уулу башка жарандар менен сөз талаша кеткен. Ортодо чыр чыгып, алар Урматты сабап коюшкан. Ага болушкан аялы менен кайненесине да кол көтөрүшкөн.

Жабыркаган оператор учурда бетиндеги жана башындагы жарааттардан улам ооруканага жаткырылды. Жубайы менен кайненеси үйдөн дарыланууда.

Милиция органдары бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирүүдө. Шектүүлөр кармалып, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG