Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

УКМК башчысынын орун басары Сүйүмбаев генерал-майор болду


Болот Сүйүмбаев.
Болот Сүйүмбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Болотбек Сүйүмбаевге “генерал-майор” аскердик наамы берилди. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Анда бул наам "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн" ыйгарылганы айтылды.

Болотбек Сүйүмбаев УКМК төрагасынын орун басары, Талдоо жана коркунучтарды божомолдоо кызматынын жетекчиси болуп 2016-жылдын май айында дайындалган.

Ал көптөгөн жылдар бою, Алмазбек Атамбаевдин оппозициялык ишмердүүлүгү учурунан баштап анын жеке жансакчысы болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG