Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Орус парламенти ЖМК боюнча талаштуу мыйзамды жактырды


Орусиянын Федерация Кеңеши. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Орусиянын Федерация Кеңеши. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Орус парламентинин жогорку палатасы-Федерация кеңешиндеги бүгүнкү добуш берүүдө талаштуу мыйзамды жыйынга катышкан 154 сенатордун баары колдоду. Эми ал президент Путиндин кароосуна жиберилет.

Жаңы мыйзамга ылайык, өкмөт чет мамлекеттен каржыланган медиа уюмдарды “чет элдик агенттер” катары аныктоого, аларга санкция киргизүүгө мүмкүндүк алат.

Орусиянын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеге караганда, жаңы мыйзамдын таасири биринчи кезекте “Эркин Европа/Азаттык” жана “Америка добушу” радиолоруна байланышы бар тогуз медиа-мекемеге тийиши мүмкүн.

Кошмо Штаттардын Москвадагы элчиси Жон Хантсман буга чейин Орусиядагы бул мыйзам долбоору АКШда "чоң тынчсыздануу" жаратарын билдирген.

"Эл аралык мунапыс" уюму Орусияда ММК мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү “басма сөз эркиндиги боюнча ансыз деле оор абалга олуттуу сокку уруу” катары сыпаттаган.

Думанын төрагасы Вячеслав Володин мурдараак бул мыйзам долбоору -Кошмо Штаттарда орусиялык журналисттер кабылган кысымга “симметриялык жооп” деп белгилеген.

Орусиянын өкмөттүк RT телеканалы 13-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигинде "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрадан каттоодон өткөн эле.

Андан мындай каттоодон өтүү талап кылынганга чейин АКШнын чалгын мекемелери RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги Орусия өкмөтүнүн былтыркы президенттик шайлоого таасир көргөзүү өнөктүгү алкагында туура эмес маалыматтарды жайылткан деген бүтүмгө келген.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт мурдараак мындай каттоо “жеке адам же уюм саясий ишмердик менен” алектенгенде талап кылынарын айткан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу болсо 15-ноябрдагы билдирүүсүндө “Орусиянын АКШдагы медиасы менен АКШнын Орусиядагы медиасынын абалы” кыйла айырмалана турганын белгилеген.

Билдирүүдө RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги АКШда өз материалдарын ээн -эркин жайылтып жатканы, ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосу “Орусияда анын берүүлөрүн таратуучу өнөктөштөрүн жоготкону, административдик кысымдан улам кабелдик түйүнгө чыга албай, радионун кабарчылары Орусияда кысым-басымга, атүгүл кол салууга кабылып келатканына” да көңүл бурулган. (UE)

XS
SM
MD
LG