Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

АКШ Түндүк Корея менен Кытайдын компанияларына санкция киргизди


АКШнын президенти Доналд Трамп жана Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын.
АКШнын президенти Доналд Трамп жана Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын.

Жаңы санкциялар Вашингтон Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин "кара тизмесине" кайра расмий түрдө кошкон соң бир күндөн кийин киргизилди.

Санкция салынгандардын арасында Кытайдын төрт компаниясы жана Пхеньян менен соода-сатык жүргүзгөн бир кытайлык тургун, Түндүк Кореядан болсо жумушчуларды чет өлкөгө чыгаруу менен алектенген корпорация бар экени кабарланууда.

АКШнын жаңы чаралары - Пхеньянды талаштуу өзөктүк жана ракеталык программасынан баш тартууга мажбурлоо аракеттеринин алкагындагы иштердин бири.

АКШнын каржы министри Стивен Мнучендин билдиргенине караганда, санкциялар “Түндүк Корея менен жүз миллиондогон доллар соода жүргүзгөн компанияларды, бул соодага көмөктөшкөн кеме жана транспорт компанияларын бутага алууда”.

Эки күн мурда Түндүк Корея терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине кайра киргизилип жатканын жарыялаганда, АКШ президенти Доналд Трамп Пхеньянга каршы “максималдуу кысымды” күчөтүүнү убада кылган.

Ал эми Түндүк Кореянын башкы партиялык гезити "Rodong Sinmun" 20-ноябрдагы баш макаласында АКШнын президентин “жийиркеничтүү кылмышкер” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG