Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Тоолуу-Карабахта жикчилердин үч согушкери каза тапты


Тоолуу Карабахтын чек арасына жакын жердеги Армениянын артиллериясы. 8-апрель, 2017-жыл.
Тоолуу Карабахтын чек арасына жакын жердеги Армениянын артиллериясы. 8-апрель, 2017-жыл.

Азербайжандан ажырап кеткен Тоолуу Карабах аймагынын иш жүзүндөгү аскердик бийлигинин маалыматына караганда, анын үч согушкери каршылаш эки тарапты ажыраткан майдан тилкесине жакын жердеги жарылуудан 21-ноябрда мерт болду.

Бүгүнкү билдирүүдө алар инженердик иш жүргүзүп жаткан кезде танктарга каршы минага кабылганы айтылган.

Армениянын Коргоо министрлиги бул окуяны “душмандык” аракеттин түз таасири эмес деп мүнөздөдү.

Көбүнесе армяндар жашаган Тоолуу Карабах Азербайжандан көз каранды эместигин 1988-94-жылдардагы согуш учурунда жарыялаган.

Ал согушта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, жүз миңдеген адам качкынга айланган. (UE)

XS
SM
MD
LG