Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Путин: Сириядагы согушту токтотууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар


Президенттер Роухани, Путин жана Эрдоган Сочидеги жолугушууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Роухани, Путин жана Эрдоган Сочидеги жолугушууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Орус президенти бул тууралуу бүгүн Сочиде Иран жана Түркия президенттери Хассан Роухани жана Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн башталышында билдирди.

Анын айтымында, азыр Сириядагы жарандык согушту токтотууга “реалдуу мүмкүнчүлүк” бар, бирок саясий чечим тараптардын баарынан, анын ичинде Сириянын Москва колдогон өкмөтүнөн да мунасаны талап кылат.

Алты жылдан ашып бараткан жарандык согушта Орусия менен Иран президент Башар Асаддын режимин, ал эми АКШ менен Түркия Асадды кулатууну көздөгөн түрдүү козголоңчул топторду колдоп келди.

Кийин урушка “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу да аралашып, ага каршы тараптардын баары чара көрдү.

21-ноябрда Путин Сирия маселесин АКШнын президенти Доналд Трамп менен телефондон талкуулаган.

Ал арада Сириянын оппозициячыл топтору келерки аптада Женевада БУУнун демөөрчүлүгү менен башталуучу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасына бирдиктүү делегация жибериш үчүн 23-ноябрда Сауд Аравияда жолукканы жатат.

Батыш өлкөлөрү согуш тутанган 2011-жылдан тартып Асадды бийликтен кетүүгө чакырып келген. Анын тагдыры тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башында анын эң түйүндүү маселеси да болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG