Евразия экономикалык кызматташтык уюму "ЕАЭБдеги Кыргызстан менен Казакстандын инвестициялык келечеги" деп аталган тегерек үстөл өткөрдү.
22-ноябрда Москвада өткөн тегерек үстөлгө Казакстандан жана Кыргызстандан эксперттер, элчилик өкүлдөрү чакырылган. Ошондой эле Орусиядан Борбор Азия боюнча адистер, саясатчылар катышты.
Кыргызстандан барып катышкан өкүлдөрдүн бири Адахан Мадумаровдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, анда акыркы убактагы кыргыз-казак мамилелери талкууга алынды:
- Жыйын негизинен акыркы убакта кыргыз-казак экономикалык мамилесине арналды. Кыргызстандагы президенттик шайлоо, анын жыйынтыгы тууралуу да сөз болду.
Адахан Мадумаровдон тышкары жыйынга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Акматбек Келдибеков чакырылган.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп 2015-жылы 12-августта кирген. Быйыл 10-октябрдан тартып Казакстан Кыргызстандан кирген жүк ташуучу унааларды текшеруүнү күчөтүп, ондогон миң тонна жашылча-жемиш, эт-сүт азыктарын "ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт" деген жүйө менен артка кайтарган же жок кылынган. Бул аракеттер Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 8-октябрда Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди "президенттик шайлоого кийлигишти" деп айыптаган сөзүнөн кийин башталган.
Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз-казак чек арасындагы абалды "блокада" деп атап, бул үчүн Казакстандын жетекчилигин айыптаган.
Атамбаев ошондой эле ЕАЭБ комиссиясын да "бул кырдаалга чара көрбөй жатат" деп айткан. (ZKo)