Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстан алгачкы жолу алтын валюта резервдерин ачыкка чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Тимур Ишметов өлкөнүн алтын валюта резервдеринин көлөмүн расмий жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Анын маалыматына караганда, ноябрда Өзбекстандын алтын валюта резерви 26 миллиард долларга жетип, быйылкы жылдын сентябрына караганда 750 миллион долларга көбөйгөн.

Ишметов бул маалыматтар алгачкы жолу ачыкка чыгып жатканын жана буга чейин алар жашыруун болгонун белгиледи. Анын айтымында, 2018-жылдын январынан тартып өлкөдөгү бардык мекемелер бул сыяктуу мурда жашыруун болуп келген маалыматтарды ачык жарыялашат.

Өзбекстандын алтын валюта резервинин ачыкка чыгышы менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн байлыгын салыштырууга мүмкүн болду. Ага ылайык, Өзбекстан алтын валюта резервдеринин көлөмү боюнча Казакстандан кийинки экинчи орунда турса, эң акыркы орунда Тажикстан турат.

Алтын валюта резервдери – Борбордук банктын көзөмөлүндөгү активдер. Алар чет элдик валюталардан, баалуу кагаздардан жана алтындан турат. Резервдер сырткы милдеттенмелерди аткаруу жана валюта курсун жөнгө салуу үчүн керек.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG