Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Улуттук банк бул айда сегизинчи жолу доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк бул айда сегизинчи жолу долларды сатууга чыгарды. 22-ноябрда 5 миллион доллар өлкөнүн валюта базарына интервенция жасалды.

Жалпысынан ушул айдын башынан бери Улуттук банк 38,15 миллион долларды сатыкка чыгарды.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлгөнү байкалууда.

Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 70 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан бери кайра кымбаттай баштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG